super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: “Тамчы” АФИАсы жаңы жумуш орундарын түзүп, экономикага өсүш алып келет”

 

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын (АФИА) ачылыш аземине катышып, бул долбоор өлкөнүн экономикалык өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын билдирди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Президенттин айтымында, 2035-жылга чейин АФИАда 3900дөн ашуун резидент-компания иштеп, 10 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.

Ал белгилегендей, жаңы инвестициялык аймак курулуш, транспорт, тейлөө, мейманкана, ресторан, айыл чарба жана башка тармактарга кошумча суроо-талап жаратып, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Ошондой эле «Тамчы» АФИАсы англис укугунун принциптеринин негизинде иштеп, өзүнүн финансылык жөнгө салуучу органы, Эл аралык талаштарды чечүү борбору жана санариптик каттоо системасы менен камсыздалат. Резиденттер үчүн 49 жылдык нөлдүк салык режими каралган.

Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууда Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо негизги талап болорун баса белгилеп, бардык долбоорлор экологиялык ченемдерди сактоо менен гана жүзөгө ашырыларын айтты.

Аземде президент алгачкы беш резидент-компанияга сертификаттарды тапшырып, дагы 15 компания каттоо жол-жобосунан өтүп жатканын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: