super.kg logo

Оштогу кулпунай чыры: Өз талаасын көрсөткөн дыйкан элдин колдоосуна ыраазы болду (видео)

 

Ош шаарындагы базарлардын биринде башка соодагерлер тарабынан кол салууга кабылып, түшүмү чачылып кеткен дыйкан Сталбек социалдык тармактагы баракчасында кулпунай талаасын көрсөттү. Ал башынан өткөн жагымсыз окуяга кайдыгер карабай, колдоо көрсөткөн бардык жарандарга терең ыраазычылыгын билдирди.

Дыйкандын айтымында, ал өткөн жылы кулпунай эгип, быйыл гана алгачкы түшүмүн көрө баштады.

Учурда Сталбектин Instagram баракчасындагы катталуучулардын саны 50 миңге жетти. Социалдык тармактын колдонуучулары ага жылуу сөздөрүн арнап, моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирип жатышат.

Белгилей кетсек, базардагы жагымсыз окуя кечээ, 5-июлда катталды. Милиция күнөөлүү деп 4 жаран кармалганын билдирди. Ошондой эле алардын үчөө камакка алынып, бирөө үй камагында. Соттук териштирүү уланууда.






Оштогу кулпунай чыры: Дыйкан өз эмгегин видео аркылуу бөлүштү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: