Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келди
Бүгүн, 6-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту Ысык-Көл эл аралык аэропортунан тосуп алды.
Расмий тосуп алуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.
Сапардын алкагында Кыргызстан менен Пакистандын президенттери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын жана аны мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле маданий иш-чараларга катышуу пландалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















