super.kg logo

"Асман Эйрлайнс" Раззаковдон конбой кайткан учак боюнча үн катты

 

"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы бүгүн, 9-июлда Бишкек – Раззаков багыты боюнча учуп барып коно албай кайткан MN61 каттамы боюнча үн катты.

Маалым болгондой, учактын экипажы техникалык мүчүлүштүктү байкап, коопсуздукту камсыздоо максатында бардык стандарттык процедураларды аткарды. Тийиштүү кызматтар зарыл болгон чараларды көрүп жаткандыгын белгилеп, башка маалымат берген жок.

Ошондой эле авиакомпания жүргүнчүлөрдүн жана экипаждын коопсуздугу башкы артыкчылык экенин белгилеп, жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.

Эскерте кетсек, 2 күн мурун "Манас" аэропортунда "Тез Жет" компаниясына таандык учак авариялык конуу жасап, 187 жүргүнчү эвакуацияланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: