Бишкекте 11-12-июль күндөрү "Ынтымак-2" сейил багынын амфитеатрында музыкалык кече өткөрүлөт. Бул тууралуу 9-июлда мэрия жарыя таратты.
Эки күн бою сейил бакта саат 19:00дөн тарта концерттик программа тартууланат. Анда таланттуу аткаруучулар тургундарга элдик жана эстрадалык чыгармаларды тартуулашат.
Музыкалык кечелер борбор калаанын маданий турмушун өнүктүрүү, улуттук искусствону жайылтуу жана үй-бүлөлүк эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулууда.

Супер-Инфо
super.kg видео
















