super.kg logo

Авариялык конуудан кийин "Тез Жеттин" аба каттамдарына киргизилген чектөө улантылат

 

Бүгүн, 9-июлда Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "Манас" эл аралык аэропортунда "Тез Жет" авиакомпаниясынын учагы менен болгон окуя боюнча кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, авиакомпаниянын каттамдарын убактылуу токтотуу чечими бардык текшерүү иштери аяктап, окуянын жагдайлары толук аныкталганга чейин күчүндө болот.

Ошондой эле учуу коопсуздугун күчөтүү максатында өлкөдөгү башка авиакомпанияларда да кошумча инспекциялык текшерүүлөр жүргүзүлөрү маалымдалды.

Эскерте кетсек, 187 жүргүнчүсү бар "Тез Жет" авиакомпаниясына таандык учак 7-июлда авариялык конуу жасаган. Анын кесепетинен учактын күйүүчү майы төгүлүп, "Манас" эл аралык аэропорту бир түн ишин токтотту.

Ал эми бүгүн болсо "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясына таандык учак Раззаков багыты боюнча учуп барып коно албай кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: