Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттер заводу курулууда
Бүгүн, 9-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда биринчи жолу курулуп жаткан сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты.
Министр өз сөзүндө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Объект Бишкек шаарынын Валиханов көчөсү-2 дарегинде жайгашкан. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 6222 чарчы метрди түзгөн завод курулууда. Жаңы өндүрүштүк база министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун учурдагы аймагында жайгашат.
Завод ишке берилгенден кийин имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатууга арналган заманбап сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгарат. Бул курулуш тармагына алдыңкы технологияларды киргизүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана объекттердин сейсмикалык коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















