Жаңы окуу китептери улуттук баалуулуктарга негизделет
Бүгүн, 9-июлда Агартуу министрлиги жана “Окуу китеби” мамлекеттик мекемеси уюштурган тегерек столдо кыргыз тили, география жана тарых сабактары боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин мазмуну талкууланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев катышып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды бекемдөө, тарыхый эс-тутумду сактоо жана жаштардын мекенчилдик аң-сезимин калыптандыруу билим берүү саясатынын башкы багыттары экенин белгиледи.
Талкууда 12 жылдык билим берүү моделине ылайык жаңы окуу китептерин иштеп чыгуунун мазмундук жана идеологиялык негиздери, ошондой эле окуу материалдарынын сапатын жогорулатуу, функционалдык сабаттуулукту жана компетенттүүлүккө негизделген окутууну өнүктүрүү маселелери каралды.
Жыйынтыгында жаңы окуу китептери мамлекеттик билим берүү саясатынын артыкчылыктарына, улуттук кызыкчылыктарга жана заманбап билим берүү талаптарына жооп бериши керектиги белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















