super.kg logo

Таласта ЖРТдан мыкты жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө 1 миллион сомдук сыйлык тапшырылды

 

Бүгүн, 9-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов Талас облусунда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөргө жана алардын ийгилигине салым кошкон мугалимдерге жалпы суммасы 1 миллион сомду түзгөн сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанатта Талас облусу боюнча алдыңкы орундарды ээлеген 20 бүтүрүүчүгө, ошондой эле алардын мектептеринин эмгек жамааттарына акчалай сыйлыктар жана Ыраазычылык каттар ыйгарылды. Сыйлыктар шаардагы, райондордогу жана айылдык мектептердин эң мыкты бүтүрүүчүлөрүнө берилди.

Медер Чотонов бул демилге билимге, эмгекке жана өлкөнүн келечегине болгон ишенимдин белгиси экенин белгилеп, таланттуу жаштарды колдоо жана мугалимдердин эмгегин баалоо анын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон каларын айтты.

Мындан тышкары депутат мамлекеттик, муниципалдык жана медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бир катар алдыңкы кызматкерлерге Жогорку Кеңештин төрагасынын Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык каттарын тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: