Таласта жарандын үйүнүн короосунан байыркы кумуралар табылды
Талас облусунун Манас районуна караштуу Сөгөт айылынын тургуну Бакыт Мырзабаев үйүнө суу киргизүү үчүн жер казып жатып, күтүүсүз тарыхый табылгага туш болду.
Анын айтымында, болжол менен жарым метр тереңдиктен төрт кумура табылган. Алардын экөөсү таш менен жабылган болсо, дагы экөөнүн ичи кумга толуп калган. Табылган кумуралардын бири толугу менен бүтүн сакталса, үчөө жарым-жартылай сынып чыккан.
Тарыхчылардын алдын ала баамында, бул кумуралар VII–XI кылымдарга таандык болушу мүмкүн. Учурда табылга боюнча адистер кошумча изилдөө жүргүзүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















