super.kg logo

Ош көчөсүндөгү оңдоо иштери эки нөөмөттө жүрүүдө

 

Ош көчөсүндө реконструкциялоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Курулуштун темпин тездетүү үчүн жол куруучулар эки нөөмөт менен иштеп жатышат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түнкү убакта эски курулуштарды демонтаждоо жүргүзүлсө, күндүз жолдун негизин даярдоо жана көчөнү иретке келтирүү иштери аткарылууда. Учурда суу жана газ түтүктөрү тартылып жатат. Мындан тышкары буга чейин бул көчөдө болбогон борбордук канализация тармагы да курулат.

Долбоордун алкагында электр мамычалары көчүрүлүп, заманбап тротуар салынып, жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет.

Бүгүн Ош шаарынын мэри курулуш объектисине барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Ал курулуштун сапатын камсыздап, иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: