super.kg logo

Бишкекте бетондун сапатын текшерүү процесси көрсөтүлдү

 

Бүгүн, 9-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Бишкек шаарында курулуп жаткан «Асман Резиденс» турак жай комплексиндеги курулуш иштери жана лабораториялык текшерүү процесси менен тааныштырды.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун адистери бетондун сапатын текшерүү ыкмасын практикалык түрдө көрсөтүштү.

Алар атайын жабдуунун жардамы менен имараттын дубалынан цилиндр формасындагы бетон үлгүсүн (керн) алып, аны лабораториялык изилдөөгө жөнөтүү тартибин түшүндүрүштү. Бул ыкма аркылуу бетондун бекемдиги, сапаты жана долбоордук талаптарга шайкештиги аныкталат.

Белгиленгендей, «Асман Резиденс» турак жай комплексин «Кап Строй Кей Джи» ЖЧКсы куруп жатат. Объект Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: