super.kg logo
  Саясат  

Космоско учкан эң улуу катышуучу Уолли Фанк 87 жашында көз жумду

 

8-июлда космоско учкан эң улгайган адамдардын бири, америкалык учкуч Уолли Фанк 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Техас штатындагы Грейпвайн шаарынын бийлиги билдирди.

Уолли Фанк 1961-жылы аял астронавттарды даярдоо боюнча «Меркурий-13» программасына катышкан. Ал бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөнү менен, ошол учурда аялдарга НАСАнын астронавты болууга уруксат берилген эмес.

Кийинчерээк Фанк авиация тармагында ийгиликтүү карьера куруп, АКШдагы биринчи аял учуу инструкторлорунун бири, Федералдык авиация башкармалыгынын биринчи аял инспектору жана учуу коопсуздугу боюнча адис болгон. Ал 3 миңден ашуун учкуч даярдаган.

2021-жылы 20-июлда 82 жашында Уолли Фанк Жефф Безостун Blue Origin компаниясынын космостук кемеси менен учуп, Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ал ошол учурда космоско жеткен эң улгайган аял болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: