Бишкек-Ош жолундагы таксисттин өлүмүнө шектүү жаран 12 жылдан кийин Түркиядан кармалды (видео)
Адам өлтүрүүгө байланыштуу өзгөчө оор кылмышка шектелип, 12 жылдан бери укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн жаран Стамбулдан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтери биргелешип алып барган иштин натыйжасында, 1990-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Кыргызстанга алынып келди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2014-жылы февраль айында Бишкек-Ош унаа жолунда чыккан жаңжал учурунда такси айдоочусу М.У. каза болгон. Окуядан кийин шектүү өлкөдөн чыгып кетип, ага Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган.
Бишкек–Ош жолундагы таксисттин өлүмүнө шектелген жаран 12 жылдан кийин Түркиядан кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















