Ошто жаштар үчүн дагы бир заманбап креативдүү хаб өнүгүүдө
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев «Жаштардын креативдүү хабына» барып, борбордун ишмердүүлүгү жана жаштар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жамаат менен жолугушууда шаар башчысы жаштардын демилгелерин колдоо максатында хабга 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды. Ал борборду мындан ары да өнүктүрүп, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү шаар бийлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Биз жаштар билим алып, чыгармачылык менен алектенип, өз идеяларын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана жаңы кесиптер доорунда Оштун жаштары заман талабына шайкеш өнүгүшү керек», — деди Жанарбек Акаев.
«Жаштардын креативдүү хабы» — иштөө, билим алуу, жолугушууларды өткөрүү жана эс алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү камтыган заманбап көп функционалдуу борбор.
Ошондой эле шаар мэриясы хаб жайгашкан Молдо Нияз көчөсүн толугу менен оңдоп, асфальттап берген. Бул жаштар үчүн борборго жетүүнү кыйла ыңгайлуу кылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарында ушундай эле форматтагы үч кабаттуу «Жаштар борбору» пайдаланууга берилген. Анда тил үйрөтүү, шахмат, кулинария курстары, лидерлик боюнча окуулар жана заманбап конференц-залдар иштеп келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















