super.kg logo

Кыргызстанда айрым тарифтерди жана төлөмдөрдү көтөрүүгө бир жылдык мораторий киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров калк үчүн айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мораторий бир жылга күчүндө болот. Бул аралыкта мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар мораторийге кирген тарифтерди жана төлөмдөрдү көтөрө алышпайт.

Документтин негизги максаты — жарандардын кызыкчылыгын коргоо, үй-бүлөлүк бюджеттердин туруктуулугун сактоо жана калкка кошумча каржылык жүктү болтурбоо.

Ошол эле учурда өлкөнүн коопсуздугу, стратегиялык маанидеги тармактар менен критикалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштеши жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу зарыл болгон учурларда өзгөчө шарттар каралган.

Бийликтин маалыматына ылайык, бул чечим коммуналдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдардын кескин өсүшүн алдын алып, өзгөчө калктын аялуу катмарларын колдоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: