Адылбек Касымалиев: “Тышкы карыз азыр биз үчүн көйгөй эмес”
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн тышкы карызы боюнча "Кабар" агенттигине берген маегинде түшүндүрмө берип, учурда бул багытта олуттуу көйгөй жок экенин билдирди.
Анын айтымында, тышкы карыздын көлөмүн баалоодо анын жалпы суммасына эмес, өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата катышына көңүл буруу керек.
“Азыр тышкы карыз биз үчүн кеп эмес. Тышкы карызды өлчөө эрежеси, мейли, 10 миллиард болобу, же 15 миллиард болобу, ИДПнын көлөмүнө жараша эсептелет. Азыр биздин ИДП 2 триллион сомго жетип калды”, - деди Касымалиев.
Ал карыздын учурдагы абалын жөнөкөй мисал менен түшүндүрдү. Анын айтымында, мурда өлкөнүн экономикасына салыштырмалуу карыздын үлүшү жогору болгон болсо, азыр бул көрсөткүч кыйла төмөндөгөн.
“Мен жөнөкөй жарандар жакшы түшүнүш үчүн жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Мисалы, Аскар Акаев мезгилинде сенин чөнтөгүңдө 100 сомуң бар болсо, сен 120 сом карыз болчусуң. Курманбек Бакиев маалында 100 сомуң бар болсо, 80 сом карыз болчусуң. Роза Отунбаева маалында 100 сомуң бар болсо, 60 сом карыз болчусуң. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун маалында 100 сомуң болсо, 68 сом карыз болчусуң. Азыр болсо чөнтөгүңдө 100 сомуң болсо, 39 сом карызсың”, - деди төрага.
Касымалиев учурда алынган тышкы каражаттар мурдагыдай эле жөн эле чыгымдалып кетпестен, конкреттүү ири долбоорлорго жумшалып жатканын айтты. Ошондой эле мурдагы жылдардагы карыздар боюнча да өз оюн билдирди.
“Мурдакы карыздардан айырмаланып, азыркы каражаттар өнүгүүгө багытталууда. Негизги максат — экономиканы өстүрүү жана өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү”, - деп кошумчалады Касымалиев.
Ал президент тарабынан тышкы карыз боюнча чектөө коюлганын белгилеп, каржылык чечимдер кылдат кабыл алынарын айтты.
“Жети өлчөп, бир кесип иш кылабыз. Тышкы карызды ИДПга карата 50 пайыздан ашырбоо боюнча талап сакталат”, - деди Адылбек Касымалиев.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















