super.kg logo

Аллергиядан жабыркаган жаран боюнча талаштуу окуяга милиция комментарий берди (видео)

 

Чолпон-Ата шаарында катуу аллергиядан улам дем ала албай калган жаранды ооруканага алып бара жаткан унаа милиция тарабынан токтотулганы тууралуу маалымат тарады. Жабыркаган жарандын жакындары жол тескөөчүлөрүнө абалды түшүндүргөнүнө карабай, унааны жарым сааттай кармап турушканын билдирген видеону социалдык тармактарга жарыялады.

Ал эми Патрулдук милиция бул маалыматты четке кагып, кызматкерлер унааны токтоткондо милдеттүү камсыздандыруу полиси жок экенин аныкташканын билдирди. Мекемеден кошумчалагандай, унаада медициналык жардамга муктаж жаран бар экени белгилүү болгондо, кызматкерлер аны дароо кызматтык унаа менен ооруканага жеткиришкен.

Дарыгерлер жаранда кымыз ичкенден кийин аллергиялык реакция болгонун аныктап, жардам көрсөтүлгөнүн жана ошол эле күнү ооруканадан чыгарылганын билдиришти.






Аллергиядан жабыркаган жаран боюнча талаштуу окуяга милиция комментарий берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: