Абитуриенттер үчүн бирдиктүү байланыш борбору иштеп жатат
Өлкөдө абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуу боюнча бирдиктүү байланыш борбору иштеп жатат. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлайт.110 кыска номери аркылуу ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларга тапшырууга байланышкан бардык маселелер боюнча акысыз консультация алууга болот.
Колл-борбордун адистери абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине кабыл алуу өнөктүгү, тандоо турларынын өткөрүлүшү, окууга кабыл алуу, билим берүү программасын тандоо жана тапшырууга байланышкан маселелер боюнча маалымат беришет.
110 кыска номерине чалуу акысыз. Колл-борбор 31-августка чейин иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















