Президенттин кызы өзү тапшырып... Биринчи айымдын атынан "Алтын балалыктагы" балдарга белектер берилди
Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан белектер тапшырылды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон балдарга белектерди президенттин кызы тапшырып жатканын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук акциясы Айгүл Жапарованын демилгеси менен жыл сайын уюштурулуп келет. Анын максаты – балдарга камкордук көрсөтүп, жайкы эс алуу учурунда майрамдык маанай тартуулоо.
Быйыл "Алтын балалык" борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат. Борбордо алардын эс алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана убактысын кызыктуу өткөрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.
Президенттин кызы өзү тапшырып... Биринчи айымдын атынан "Алтын балалыктагы" балдарга белектер берилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















