Бишкекте апта ичинде күн ысыктыгы +40 градуска чейин жетет
Бүгүн, 13-июлда Бишкекте ушул аптада аба ырайы кескин ысый турганы маалым болду. Синоптиктердин божомолуна ылайык, күндүз абанын температурасы акырындап жогорулап, +40 градуска чейин жетет.
- 13-июль, дүйшөмбү, +33 градус, түнкүсүн +23 градус;
- 14-июль, шейшемби, +35 градус, түнкүсүн +22 градус;
- 15-июль, шаршемби, +38 градус, түнкүсүн +23 градус;
- 16-июль, бейшемби, +40 градус, түнкүсүн +24 градус;
- 17-июль, жума, +39 градус, түнкүсүн +26 градус;
- 18-июль, ишемби, +39 градус, түнкүсүн +26 градус;
- 19-июль, жекшемби, +39 градус, түнкүсүн +26 градус.
Адистер ысык аба ырайында күндүн астында көпкө жүрбөөгө, жетиштүү суу ичүүгө жана ысыктан сактануу чараларын көрүүгө чакырышат.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада жана Борбордук Азияда экстремалдуу ысык толкундар кайталанышы мүмкүн экенин эскерткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















