Камчыбек Ташиевге жакын делген Өткүрбек Рахманов "Регион ТВдан" кетти

"Регион ТВ" телеканалынын мурдагы директору, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеген Өткүрбек Рахманов компаниядан кеткенин билдирди.
Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып, 13-июлда телеканалдан расмий түрдө кеткенин, жамаат менен коштошуп, бардык документтерди өткөрүп бергенин маалымдады.
Эске салсак, быйыл май айында "Регион ТВ" телеканалында жетекчилик жана менчик ээси өзгөргөн. Компания кайра каттоодон өткөндөн кийин директорлук кызматка Жыргалбек Токторов дайындалып, жалгыз уюштуруучу катары Эрали Маматов көрсөтүлгөн.
Ошол учурда Өткүрбек Рахманов директорлук кызматтан кетип, башкы директордун орун басары болуп ишин улантарын билдирген. Ошондой эле телеканалдын редакциялык саясаты өзгөрбөй турганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















