super.kg logo

Баткендеги чек арачылардын чыры тууралуу маалымат берилди

 

Баткендин Лейлек районунда чырдан улам бир чек арачынын жаагы сынды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, уруш келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан эки аскер кызматкеринин ортосунда чыккан. Алар инженердик иштерди аткарып жатышкан. Жабырлануучуга дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда анын ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда. Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлүп баштаган. Тергөө материалдары аскердик прокуратурага өткөрүлүп берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: