Кулубаев Пакистандын элчиси менен кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулады
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар Пакистандын президенти Асиф Али Зардаринин 6–7-июлдагы Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыктарын талкуулап, анын эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгына жаңы дем бергенин белгилешти.
Ошондой эле жолугушууда сапардын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун алдыдагы иш-чараларына даярдык көрүү маселелери каралды.
Министр Жээнбек Кулубаев Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дардын ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуусун күтөрүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-пакистан өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөөгө жана эки тараптуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















