Дүйнөгө белгилүү мушкер Кыргызстан жөнүндө билдирүү жасады
Дүйнөнүн бокс боюнча абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд соцтармактагы баракчасына видео жарыялап, Кыргызстанга ыраазычылыгын билдирди.
"Рахмат, Кыргызстан. Мен келген учурдан тартып эле өлкө элинин сүйүүсүн, урматтоосун жана боорукердигин сездим. Жылуу тосуп алууга, маданият жана каада-салттар үчүн рахмат",- деп жазды ал.
Буга чейин мушкер Ысык-Көлдөн түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, көлгө болгон суктануусун билдирген.
Эске салсак, Холифилд Бишкекте өткөн эл аралык профессионалдык бокс кечинин ардактуу коногу болгон. Ал өлкөгө 30-июнда келген. Жогорку Кеңештин төрагасы болсо аны Ысык-Көлдө кабыл алган.
Дүйнөгө белгилүү боксчу Кыргызстан жөнүндө билдирүү жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















