Мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы жүрүүдө
Агартуу министрлиги балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы уланып жаткандыгын маалымдады. Бул этапта ата-энелер жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектепти тандап, баласын каттай алышат.
Каттоонун экинчи этабында 121 миңден ашуун бала катталды. Жалпысынан быйыл 193 318 квота ачылган.
Өтүнмөлөрдү онлайн түрдө:
- 1mektep.edu.gov.kg сайты же «Түндүк», MegaPay жана башка банк тиркемелери аркылуу тапшырууга болот.
Белгилей кетсек, быйыл 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жана 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин төрөлгөн балдар кабыл алынууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















