Өкмөт мунайды ташып чыгууга убактылуу тыюу салды
Министрлер кабинети мунай жана мунай продуктуларын ташып келүү жана ташып чыгууну жөнгө салуучу айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алганын жарыялады.
Ага ылайык, өлкөгө автотранспорт менен мунай ташып кирүүгө салынган тыюу алынмакчы. Ошондой эле өлкөдөн автотранспорт жана темир жол аркылуу мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынат. Аталган токтом 2027-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот.
"Токтом ички мунай продуктулар рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, мунай заттарынын жетишсиздигине жол бербөө жана өлкөнүн ички муктаждыктарын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кабыл алынды",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















