Эң улуусу Адылбек Касымалиев. Өкмөт мүчөлөрү канча жашта?
Министрлер кабинетинде эмгектенгендердин эң улуусу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев болуп саналат. Ал 66 жашта. Ысык-Көлдүн Түп районунан болот. Ал эми эң кичүүсү курулуш министри Нурдан Орунтаев. Ал 38 жашта. Орунтаев Нарындын Кочкор районунан.
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, 44 жашта (Чүй району)
- министрлер кабинетинин орун басары Улан Маматканов, 44 жашта (Оштун Кара-Суу району)
- айыл чарба министри Эрлист Акунбеков, 43 жашта (Ош шаары)
- агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, 61 жашта (Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз району)
- юстиция министри Аяз Баетов, 41 жашта (Бишкек шаары)
- коргоо министри Руслан Мукамбетов, 55 жашта (Бишкек шаары)
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, 63 жашта. (Ысык-Көл району)
- финансы министри Руслан Суйналиев, 51 жашта (Чүйдүн Ысык-Ата району)
- экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, 48 жашта (Бишкек шаары)
- ички иштер министри Улан Ниязбеков, 50 жашта (Таластын Айтматов району)
- транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев, 44 жашта (Нарындын Жумгал району)
- өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, 42 жашта (Чүйдүн Кара-Балта шаары)
- энергетика министри Алтынбек Рысбеков, 48 жашта (Жалал-Абаддын Ала-Бука району)
- эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, 46 жашта (Бишкек шаары)
- илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, 43 жашта (Бишкек шаары)
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев, 39 жашта (Ысык-Көлдүн Ак-Суу району)
- саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, 44 жашта (Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаары)
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, 45 жашта (Ысык-Көлдүн Каркол шаары)
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Максат Асаналиев, 48 жашта (Ысык-Көлдүн Тоң району)
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-07-26
14:53
2026-07-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















