Бишкекте коопсуздук талаптарын бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарындагы Жусуп Мамай көчөсү, 4 дарегинде курулуп жаткан 20 кабаттуу турак жай комплексинде коопсуздук талаптарынын бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө котловандын капталдарын бекемдөөчү тирөөч конструкцияларды орнотууда коопсуздук талаптары толук сакталбаганы белгилүү болгон.
Мындан тышкары коңшу имараттан чыккан саркынды суулардын таасиринен котловандын капталындагы топурак нымдалып, урап түшкөн. Окуядан жабыркагандар жок.
Учурда курулуш компаниясы ураган бөлүктү калыбына келтирип, котловандын капталдарын кошумча бекемдөө жана тирөөч конструкцияларды кайра орнотуу иштерин жүргүзүүдө.
Аталган объектте курулуш жүргүзгөн «Аст Билдинг» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, мыйзам талаптарына ылайык 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















