Жээнбек Кулубаев Катардын мурдагы эмиринин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтуу китебине кол койду
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетинин эмиринин атасы, шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайтышына байланыштуу Бишкектеги Катар элчилигинде ачылган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, андан соң министр Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Аль Мари менен жолугушуп, президент Садыр Жапаровдун атынан Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге көңүл айтуу телеграммасы жөнөтүлгөнүн билдирди.
Ошондой эле Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген делегация Дохада өтүп жаткан аза күтүү иш-чарасына катышып жатканы маалымдалды.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев Кыргызстан бул оор учурда боордош Катар эли менен тилектеш экенин белгилеп, катар тарапка дагы бир жолу терең көңүл айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















