Бишкекте көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган 18 курулуш компаниясынын иши токтотулду
Бишкек шаарында көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган курулуш компанияларына чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, объекттерде курулуш аянтчалары тиешелүү деңгээлде тосулбаган, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн калкалоочу тосмолор жана чатырчалар орнотулган эмес, сырткы жарыктандыруу каралган эмес, кирүүчү жолдор даярдалбаган жана транспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлары уюштурулбаганы аныкталды.
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча “Элемент Стиль” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Мындан тышкары, “Имарат Восток”, “Тайлак Строй”, “КомСтройСервис”, “Алим Строй”, “КН Гранд Строительства”, “Мурас Курулуш Групп”, “Старт Компани”, “Масшер Билдинг”, “Алип Строй”, “Мерибелл Текстиль Иншаат”, “Битрейд Импекс”, “Бостон Строй”, “Дрим Хаус”, “Ынтымак Биримдиги”, “Бак-Строй-Талас”, “ТК Мегаприм” жана “Сантехмонтаж” курулуш компанияларына тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, талаптар аткарылганга чейин курулуш иштери токтотулду.
Бишкекте көрктөндүрүү талаптарын аткарбаган 18 курулуш компаниясынын иши токтотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















