super.kg logo
  Саясат  

Президент өлкөдөгү чет өлкөлүк жумушчулар боюнча түшүндүрмө берди

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып, өлкөдөгү эмгек миграциясы тууралуу дагы түшүндүрмө берди.

Өлкө башчы Кыргызстан акыркы жылдары ири инвестициялык долбоорлор ишке аша баштагандан кийин эмгек миграциясынын жаңы этабына киргенин белгиледи.

"Мурда жарандарыбыз сыртка иш издеп кетчү болсо, бүгүн өлкөбүзгө жаңы заводдордун, өндүрүштөрдүн жана ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына байланыштуу чет өлкөлүк адистер менен жумушчулар келе баштады. Бул биздин өлкө үчүн жаңы көрүнүш жана аны танууга болбойт.

Ошол эле учурда "баары көзөмөлдөн чыгып кетти" деген пикирге кошулбайм. Тескерисинче, мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы айларда эле 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Жакында 100гө чукул жаран депортация болот. Мамлекеттин мыйзам бузгандарга карата жообу ушул сандарда.

Албетте, коом тарабынан айтылган сын-пикирлер дагы жөн жерден чыккан жок. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму боюнча элдин нааразычылыгы жаралды. Биз ал сындарды угуп жатабыз, окуп жатабыз жана аны туура кабыл алабыз. Чынында эле жергиликтүү бийлик органдары мындай масштабдагы эмгек миграциясына толук даяр эмес болуп чыкты. Ошондуктан бүгүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Биздин принцип абдан жөнөкөй. Кыргызстанга ким болбосун иштегени келсе – мыйзамды сактап, биздин коомдук тартипти, каада-салтты жана жаратылышты урматтап иштеши керек. Мыйзамды сыйлаган адам тынч иштейт. Ал эми мыйзам бузган адамга улутуна карабай мыйзам бирдей колдонулат.

Ушул жерде дагы бир маанилүү жагдайды так ажыратып алышыбыз керек. Акыркы учурда айрымдар чет өлкөлүк жумушчулар менен туристтерди аралаштырып, коомчулукту адаштырып жатышат.

Мисалы, акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келип кеткен. Эгер алардын ар бири орточо эсеп менен 500 доллар коротту деп эсептесек, анда биздин мейманканаларга, кафе-ресторандарга, дүкөндөргө, транспорт жана тейлөө тармагына 180 миллион доллардан ашуун каражат түшкөн болот. Акча түздөн-түз биздин ишкерлерге, кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенген жарандарга киреше болуп калды.

Ошондуктан турист менен эмгек мигрантын бир түшүнүк катары кароо туура эмес. Бирөө иштөө үчүн келет, экинчиси болсо өлкөбүзгө акча алып келип, экономикага кошумча киреше калтырып кетет. Эми бир жумага келген туристтен мамлекет кандай зыян тартат же пайда табат, ойлонуп көрсөңөр болот", - дейт өлкө башчы.

Президент чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстанга туруктуу жашап калуу үчүн эмес, конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн келишерин белгиледи. Айтымында, долбоор аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишет.

"Мисалы, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 500 кытайлык адистер тартылган. Курулуш аяктагандан кийин алар өлкөсүнө кайтып кетти. Бүгүн ошол жерде биздин адистерди окутуп жаткан беш инженер гана калды. Ушундай эле көрүнүш “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунда болгон. Долбоор бүткөндөн кийин чет өлкөлүк адистер чыгып кетип, бүгүн объектте 100 пайыз Кыргызстандын жарандары гана иштеп жатышат.

Мындай тартип темир жолдо дагы, жол курууда дагы, завод-фабрикаларда дагы сакталат. Ар бир чет өлкөлүк жумушчу белгилүү бир долбоордун алкагында гана иштейт. Бир долбоор бүтсө, экинчисине өз алдынча өтүп кетүүгө же өлкөдө мыйзамсыз калып иштөөгө жол берилбейт.

Мындан тышкары, ар бир чет өлкөлүк жаран тиешелүү мамлекеттик органдардын каттоосунда турат. Алардын иш визасы, эмгек уруксаты жана жүрүү мөөнөтү көзөмөлдөнөт. Иш берүүчү дагы толук жоопкерчилик тартат. Эгер мыйзамсыз жумушка алуу же мыйзам бузуу аныкталса, жоопкерчилик ошол иш берүүчүгө дагы жүктөлөт. Иштеп жүргөн, иш берген тарап дагы жоопкерчиликти сезе турган чаралар колдонула баштады", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: