super.kg logo
  Саясат  

"Ташиевдин командасы кошулду". Бийлик эскертүү жасады

 
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков коомчулукту козутууга аракет кылган күчтөр бар экенин билдирип, эскертүү жасады.
Ал президент болууну каалаган саясатчылар өздөрүнүн фейктери аркылуу бийликти жамандатып жатышканын белгиледи.
"Кытай басып кетти", "жерлер сатылып жатат", "тышкы карыз көбөйүп кетти" деген сыяктуу дооматтарды соцсеттер аркылуу таратып келишүүдө. Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевтин командасынын фейктери кошулду. Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, ата-энелери жана бир туугандары "балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле суракка чакырды" деп наалып чыгасыңар.
Ошондуктан азыртадан токтобосоңор, жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт. Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогоруу өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз.
Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда. Андыктан, такталбаган жана улут аралык кастыкты козуткан маалыматтарды таратуудан алыс болуңуздар",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: