Садыр Жапаров: "Тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөт"

Президент Садыр Жапаров тышкы карыз боюнча түшүндүрмө берип, учурда Кыргызстандын тышкы карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 39 пайызын түзөрүн билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин өлкөнүн тышкы карызы ИДПга карата кыйла жогору болгон.
"Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына карата өлчөнөт. Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт", – деп жазды президент.
Ал тышкы карыздын көлөмү келечекте ИДПнын 50 пайызынан ашпоосу керек деген тапшырма өкмөткө берилгенин белгиледи.
Президенттин айтымында, азыркы учурда алынган карыздардын ар бири катуу көзөмөлдөнүп, өзүн өзү актай турган жана келечекте карызын өзү жаба ала турган долбоорлорго багытталууда.
"Ар бир алынган карыз мурдагыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен, көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат", – деди ал.
Ошондой эле Садыр Жапаров дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 100 пайызынан ашып кеткен учурлар бар экенин белгилеп, Кыргызстан мындай тажрыйбаны үлгү кылбашы керектигин кошумчалады.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















