super.kg logo
  Саясат  

Президент туризмди өлкөнүн келечектеги негизги киреше булагы деп атады

 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген туристтердин саны акыркы жылдары бир нече эсеге көбөйгөнүн айтып, туризм өлкөнүн экономикасынын негизги багыттарынын бирине айланып жатканын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 21-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, 2020–2021-жылдары Кыргызстанга жылына 2-3 миллион турист келсе, бүгүнкү күндө алардын саны 13 миллионго жеткен.

"Бул экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө таанылып, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет. Биздин калкыбыз 7 миллион болсо, андан эки эсе көп турист келди деген сөз. Бул ички дүң продукциянын өсүшүнө кошумча 4-5 пайыздык салым кошту дегенди билдирет", – деди президент.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү туристтерди тартуу үчүн миллиарддаган каражат коротсо, Кыргызстанга туристтер өздөрү агылып келип жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал келген конокторду жакшы тосуп алып, аларга сый мамиле жасоонун маанилүүлүгүн айтты.

"Ар бир турист ички дүң продукцияга салым кошот. Демек, ар бир турист ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосуна өз салымын кошуп жатат. Ошондуктан ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар", – деди Садыр Жапаров.

Президент кен байлыктары бир күнү түгөнүшү мүмкүн экенин, ал эми туризм узак мөөнөттүү киреше алып келе турган тармак экенин белгилеп, жарандарды бул багытты өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырды.

"Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт. Туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Курулушта иштегиңер келбесе дагы туристтерди тосуп, гид болуп иштегиле. Туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымыңарды кошкула", – деп кайрылды мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: