super.kg logo

Азербайжандык журналисттер өлкөгө келишти

 

Азербайжандын алдынкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация таанышуу сапары менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулган. Бул сапар маалыматтык жана гуманитардык тармактардагы кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган.

Кыргызстанда жүргөн мезгилде азербайжандык журналисттер өлкөнүн алдынкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалыматтык саясатты жүргүзүүдөгү заманбап ыкмалар менен таанышышат. Ошондой эле өлкөнүн жаратылышы кооз жана туристтик жайларын камтыган маданий-таанышуу программасына катышышат.

Буга чейин ушундай эле таанышуу сапарлары Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын алдынкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ийгиликтүү уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: