"Мадина" базары 1-августтан тарта реконструкцияланышы мүмкүн
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Мадина" базарынын ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Анда базарды 1-августтан тартып реконструкциялоо планы талкууланды.
Калаа мэриясы кабарлагандай, ишкерлерге базардын айланасында жайгашкан жаңы соода орундарын пайдалануу сунушталган. Соодагерлер бардык маселелерди кеңири талкуулап, биргелешип чечүү үчүн комиссия түзүүнү сунушташкан.
Мэр бул демилгени колдоп, комиссияны түзүүнү тапшырган. Комиссиянын курамына ишкерлердин жети өкүлү, ошондой эле мэриянын, акимиаттын, Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын, Архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, юридикалык бөлүмдөрдүн жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















