Ошто кытайча жазылган жарнамалар мыйзам талаптарына ылайык өзгөртүлөт. Мэрдин рейди (видео)
Бүгүн, 22-июлда Ош шаарында мэр Жанар Акаев көчөлөрдү түрө кыдырып, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын талаптарынын аткарылышы текшерилди.Мэриядан билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө кытай тилде жазылган жарнамалык такталар жана маалыматтык жазуулар аныкталып, айрым ишкерлерге аларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү үчүн бир саат убакыт берилди.
“Бадырайтып кыргыз тилинде жазышсын. Мыйзамдуу талаптарга баш ийбегендердин тизмесин бересиңер. Бир сааттын ичинде булардын баарын тартипке салып, оңдоп коёбуз. Текшерүүбүз кайсы бир улутка же өлкөгө каршы саясат эмес. Биз ишкерлерди колдойбуз, бирок ошол эле убакта мамлекеттик тил мыйзамын сакташыбыз керек. Ал жерде так жазылган", - деди мэр.
Мындан тышкары, чет элдик номурлуу унааларды да текшерүү керектигин билдирди.
Ошто кытайча жазуулар мыйзам талаптарына ылайык өзгөртүлөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















