super.kg logo

Бишкекте көп балалуу энелер мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты

 

«Тунгуч» театрында көп балалуу энелерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу азем өттү. Президенттин атынан сыйлыктарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жогорку мамлекеттик сыйлыктарга жалпы 181 көп балалуу эне татыктуу болду. Алардын ичинен 92 энеге «Баатыр эне» ордени, ал эми 89 энеге «Эне даңкы» медалы ыйгарылды.

Салтанаттын жүрүшүндө мэр Айбек Жунушалиев энелерге балдарына көрсөткөн камкордугу, сабыры жана татыктуу тарбиясы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал үй-бүлө коомдун негизги тиреги экенин, ал эми эне сүйүүнүн, акылмандыктын жана жашоо күчүнүн булагы экенин белгиледи.

«Үй-бүлө ар дайым коомдун негизги тиреги болуп келген жана боло берет. Сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздердин, сабырыңыздардын жана камкордугуңуздардын аркасында балдар татыктуу инсан болуп өсүп, өлкөсүнө пайда алып келе турган жаран болуп калыптанууда», - деди шаар мэри.

Ошондой эле ал энелерди колдоо, үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосуна шарт түзүү жана балдардын коопсуз, сапаттуу билим алып, бактылуу чоңоюшу үчүн иштер улантыларын белгиледи.

Иш-чара балдарды тарбиялоого өмүрүн арнаган жана үй-бүлө институтун чыңдоого зор салым кошкон энелерге болгон терең урмат-сыйдын белгиси болду. Салтанат концерттик программа менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: