Садыр Жапаров Беларустун министрин Чолпон-Атада кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болгон.
Садыр Жапаров жолугушуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы ишенимдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирген. Беларус президенти Александр Лукашенконун алдыдагы ШКУнун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленген.
Өз кезегинде Максим Рыженков Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, өлкө Кеңештин ишмердүүлүгүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















