Садыр Жапаров ТМУнун башкы катчысын кабыл алды
Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурган.
Президент Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгилеген. Ушуга байланыштуу ал Түрк инвестициялык фондунун мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу демилгелерин илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары өзгөчө ролун белгилеп, кыргыз тарап анын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга кызыкдар экенин баса көрсөткөн.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















