super.kg logo

Өкмөт башчынын орун басары жерди ижарага берүү боюнча пикирин билдирди

 

Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" берген маегинде чет өлкөлүк инвесторлорго жерди 49 жылга берүү боюнча түшүндүрмө берди.

Ал ири инвесторлор 5 жылга көп көлөмдөгү акчаны актатуу коркунучу бардыгынан улам салбастыгын айтты. Министр 49 жылдык ижара башка өлкөлөрдө деле бар экенин белгилеп, инвесторлорго шарт түзүү зарыл деген пикирин билдирди.

"Заводду алар чет жакка алып кетпейт, бизде эле калат. Ал заводдо биздин жарандар иштейт. Иштелип чыккан өндүрүмдөр биздин ички дүң өндүрүмгө кошулат. Казынага салык түшөт",- деди министр.

Ошондой эле Амангелдиев "ата мекендик ишкерлерге эмнеге берилбейт?" деген суроого жооп берди.

"Мисалы, Аскар Салымбеков же Өмүрбек Бабановду алсак, алардын ири инвестиция салганга каражаттары жетпейт. Инфрасктураны түзсө дагы, аны башкарууга деңгээлдери жетпейт. Анткени дүйнөлүк тажрыйбасы бар инвестор болушу керек",- деп кошумчалады.






Өкмөт башчынын орун басары жерди ижарага берүү боюнча пикирин билдирди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: