Айбек Жунушалиев шаардагы сейил бактарды жана жаңы мектептердин курулушун текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаарды көрктөндүрүү жана социалдык объекттердин курулушу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Алгач мэр Ала-Арча дарыясынын боюндагы Малдыбаев көчөсүнөн Түштүк Чоң Чүй каналына чейин созулган аймакты кыдырып, курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту. Ал жээк аймагын жана ага чектеш жерлерди комплекстүү көрктөндүрүү иштерин кечиктирбей баштоону тапшырды.
Андан соң Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү реконструкциясы баштала турган Даир Асанов атындагы сейил бакка барып, инфраструктураны жаңылоо боюнча иштерди талкуулады.
Ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын Достук сейил багы жана «Байтик» паркы текшерилди. Мэр ижарачылар пайдаланган аймактардын абалын сынга алып, мыйзам бузууларды жоюу үчүн бир жумалык мөөнөт берүүнү тапшырды. Талаптар аткарылбаса, ижара келишимдерин токтотуу маселеси караларын эскертти.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Байтик баатыр көчөсүндөгү Россия мектебинин курулушу да каралды. Жалпы аянты 27 миң чарчы метрден ашкан мектеп 1 224 окуучуга ылайыкталып, эки бассейн менен жабдылат. Учурда курулушта 150 жумушчу эмгектенүүдө.
Мындан тышкары, Аалы Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан 900 орундуу мектептин курулушу да текшерилди. Объектте 165 адам иштеп жатат, жакын арада жумушчулардын саны 200гө жеткирилери айтылды.
Жыйынтыгында шаар башчысы жаңы мектептердин ички жасалгасын иштеп чыгууда балдар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу чөйрө түзүү максатында психологдорду тартууну тапшырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















