super.kg logo

Өзгөндө сабалган дүкөнчү аялдын эки колу сынганы айтылууда

 

Ош облусунун Өзгөн районундагы сыра заводунун жанындагы дүкөндө сабалган аялдын кызы окуя боюнча билдирүү жасап, апасы учурда оор абалда ооруканада жатканын айтты.

Анын айтымында, жаңжал кардарлар эсеп төлөөдөн баш тартып, оозеки кайым айтышуудан кийин чыккан.

"Видеодон алардын апамды уруп, чачынан сүйрөп жатканын көрүүгө болот. Биз дароо милиция чакырганбыз, бирок кызматкерлер окуядан кийин гана келишти. Сабоонун кесепетинен апамдын эки колу сынып, азыр ооруканада оор абалда жатат",- деп билдирди ал.

Ал окуяга күбө болгон же шектүүлөр тууралуу маалыматы бар жарандарды укук коргоо органдарына же өзүнө маалымат берүүгө чакырды. Ошондой эле иш адилеттүүлүк менен каралуусу керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган окуянын видеосу интернет желесине тараган. Милиция жагдай боюнча толук түшүндүрмө берип, тергөө иштери уланып жатканын кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: