Адылбек Касымалиев Таластагы курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды
Бүгүн, 24-июлда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар объекттердеги курулуш жана реконструкциялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, өкмөт башчы “Айтматов ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин, кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунун, “Баластан” оюн-зоок борборунун жана шаардагы асфальт-бетон, темир-бетон, таш майдалоочу заводдордун курулуш иштери менен таанышты.
Касымалиев курулуш иштеринин белгиленген мөөнөттөрүн сактоо, жумуштун сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жана объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи. Социалдык объекттерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландаштырылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















