Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды
Санариптик төлөмдөр тармагындагы дүйнөлүк лидер Visa Кыргызстанда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн BAKAI'га сыйлык тапшырды. Компания банктын өлкөдө заманбап төлөм технологияларын жана санариптик финансылык инфраструктураны өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалаган.

Apple Pay — BAKAI'дын Visa карталарынын колдонуучуларына iPhone, Apple Watch, iPad жана Mac түзмөктөрү аркылуу дүкөндөрдө, мобилдик тиркемелерде жана онлайн кызматтарда тез, ыңгайлуу, коопсуз төлөм жүргүзүүгө шарт түзөт.
Сыйлык алуу — BAKAI менен Visa компаниясынын ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташтыкты, ошондой эле банктын дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген финансылык алдыңкы технологияларды ишке киргизүүгө умтулуусун тастыктайт.
"Биз Visa'га биргеликтеги ишибизди жогору баалагандыгы үчүн ыраазыбыз. BAKAI үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүү — негизги багыттардын бири. Кардарларыбыздын күнүмдүк каржылык операцияларын мүмкүн болушунча оңой жана ыңгайлуу кылуу үчүн заманбап, коопсуз, жөнөкөй төлөм системаларын түзүүнү улантабыз", — деп билдиришти BAKAI'дан.
BAKAI инновациялык продукттар менен сервистерди ишке киргизип, банктын санариптик экосистемасын ырааттуу өнүктүрүүдө. Бул аракеттер накталай эмес төлөмдөрдү мурдагыдан тезирээк, коопсуз жана миллиндогон колдонуучуларга жеткиликтүү кылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















