Энергетика министринин жаңы орун басарлары дайындалышты
Бекнур Маратбеков жана Мирлан Парханов энергетика министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.




Бекнур Маратбеков - Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия славян университетинде Электр энергетика ишканаларында экономика жана башкаруу адистиги боюнча билим алган.
Ал эми Мирлан Парханов - 2006-2011-жылдары Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университетинде Менеджмент жана башкаруу адистиги боюнча билим алган. 2019-2021-жылдары Тышкы иштер министрлигине караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда эл аралык мамилелер боюнча магистратурасын аяктаган.
Жаңы жетекчилер энергетика тармагында жана мамлекеттик башкаруу багытында кесиптик тажрыйбага ээ адистер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















