super.kg logo
  Саясат  

Бишкек Шаньдун провинциясы менен кызматташат

 
Бишкекте 30-июлда "Кытай (Шаньдун провинциясы) – Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер" аттуу соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференция болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, борбордун инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Конференцияда Бишкек мэриясы менен Шаньдун провинциясынын Коммерция департаментинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документ соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишканалардын ортосундагы ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Мэриянын өкүлдөрү Кытай мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: