Садыр Жапаров Чолпон-Атада Ильхам Алиевди расмий тосуп алды (сүрөт)
Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди расмий тосуп алды.
Азем бүгүн, 31-июлда “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Өз ара саламдашкан соң мамлекет башчылар ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Мындан кийин президенттер ардак кароол ротасынын сабын кыдырды. Президент Ильхам Алиев аскер кызматкерлери менен саламдашты. Ошондой эле лидерлер зоот кийимчен этно-аскерлердин жанынан өтүштү. Мындан кийин мамлекет башчылар өз делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.
Биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин Жапаров жана Алиев сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн боз үйгө жөнөштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















