super.kg logo

Израилдин башчысы Трамп менен пикир келишпестиги бар экенин айтты

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамп менен пикир келишпестиги бар экенин моюндады. Бул Газа тилкесиндеги кырдаалды турукташтырууга байланыштуу болгон.

Ал: "Менин президент Трамп менен ХАМАС тууралуу жакында түзүлгөн келишим боюнча пикир келишпестиктерим бар, муну жашырбайм. ХАМАС кайра куруу этабына өтүүдөн мурун куралсыздандырылып, Газа тилкеси демилитаризацияланышы керек",- дегенин Al Jazeera телеканалы билдирди.

Телеканал премьер-министр бул сөздү Тынчтык кеңешинин жогорку өкүлү Николай Младенов менен жолугушуудан кийин айтканын тактады.

Буга чейин Тынчтык кеңешинин планы боюнча ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну сактоо үчүн куралдарын таштоого макул болгонун жарыялаган. Деген менен Израил тынчтык планында сунушталган айрым пунктарга каршы болууда.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: